Өлкөдө Сарман Асанбеков жана Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктар биринчи жолу тапшырылды



Театр күнүн майрамдоонун алкагында Сарман Асанбеков жана Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктар биринчи жолу тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сарман Асанбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты белгилүү театр сынчысы Жаныш Кулманбетов, ал эми жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаев Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты болду.
"Сыйлык Сарман Асанбеков атындагы жана "Маданиятты жана искусствону колдоо" фонду менен Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзу тарабынан негизделген.
Сарман Асанбеков атындагы сыйлыкты театр сынчысына жана искусство таануучуга берилет. Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлык жаш режиссёрлорго тапшырылат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, сыйлык үч жылда бир берилет. Лауреатка диплом, лауреаттын медалы, ошондой эле акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.