super.kg logo

Муфтий шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу себеби айтылды

 
Кечээ, 30-мартта Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылганы маалымдалган. Бул чечим Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чукул жыйынында кабыл алынганын мекеме SUPER.KG порталына кабарлады.
Жыйындын жыйынтыгы менен 5-апрелге белгиленген муфтийди шайлоо толук эки айдан кийин 29-майда өтөт.
Курултайды жылдыруу себеби катары Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин кызмат ордуна Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыю салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду.
Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болду. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.
Мына ушул окуялардан улам чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды жана Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү башка дубандарда жашагандыктан, жыйын онлайн өткөрүлдү".

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарганы маалымдалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: