Ошто бассейндеги сууга ууланды делинип 9 адам ооруканага түштү
Ош шаарында жайгашкан бассейндердин биринен белгисиз затка ууланган 7 бала жана 2 киши ооруканага түштү. Бул маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 27-март күнү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 280-берене "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" менен катталып, тергөө иштери башталган.
"Саат 20:40 чамасында Ош облустар аралык балдар ооруканасынан милиция бөлүмүнө бассейндердин биринде белгисиз затка ууланган балдар келип түшкөнү кабарланган.
Уулангандардын милицияга берген арызында, алар 27-март күнү түштө эс алууга бассейнге барышып, саат 18:30 чамасында чыгып кеткени жазылган. Үйүнө барганда абалы начарлап, ооруканага кайрылышкан. Алар үйдө дагы, бассейнде дагы эч нерсе жебегендигин билдиришкен.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бассейндин администратору сууну тазалоо үчүн хлор, химиялык зат кошуларын билдирип, балдар жутуп алып ууланып калышы мүмкүн экенин билдирген. Далил буюм катары бассейнден эки литр суу алынып, лабораторияга жөнөтүлдү", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ош облустар аралык балдар ооруканасына 39 жаштагы А.Н. аттуу жаран 18, 15, 10 жана 1 жаштагы балдары менен келген. Ал эми 37 жаштагы К.А. аттуу жаран 14, 13 жана 6 жаштагы балдарын алып келген. Дарыгерлер алар ууланганын айтышкан.
