super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Чечме булагы боюнча чечим толук кабыл алынган жок"

 

30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушууда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү кандай жүргөнүн айтып берди. Ошондой эле ал Кадамжайдагы Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Чечме булагы тууралуу да айтып, булак тууралуу чечим азырынча толук кабыл алына электигин белгиледи.

Айтымында, чыр жаратып жаткан булактан башка маселелердин баары чечилген.

"Кадамжай районунун Бирлик айылында Чечме деген булак бар. Билесиздер, былтыр ошол жерде чоң жаңжал чыгып, эки эл кагылышып кеткен. Ошол боюнча аягына чейин чечим кабыл алынган жок. Бүгүн барып көрүп келдим, Чечме булак эки сотых жер экен. Бирок ата-бабаларыбыздан калган, жогору жагында алардын мүрзөлөрү бар.

Ачык айтканда, биз макулдашууга келе алган жокпуз. Эки сотых жер, тегерегин кошкондо 1 гектардай болуш керек. Бирок 1 гектардай жерди, эки сотых булакты макулдашпай калдык деп башка жерди таштап коё алган жокпуз. Башка жакты бүтүрүп коё берели. Кудай буюрса, ал жак да бүтөт. Кудайдын айткан күнү бүтөт. Ошого аны ошол бойдон калтырдык. Башка тилкелердин баары бүттү", - деди Ташиев.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзө турганы маалымдалган.

Эске салсак, буга чейин да аталган өрөөндө булактын айынан эки тараптын ортосунда байма-бай чыр болуп келген. Өткөн жылдын 31-майында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр кыргыз тарапка тиешелүү болгон булакты талашуудан келип чыкканы айтылган.

Анда "булактын кыргыз тарапка таандык экенин далилдеген документ бар экенине карабай, бийлик алсыздык кылып жатат" деген тургун чыр-чатакка байланыштуу көйгөйлөрдү SUPER.KG порталына айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ташиев биздин Суусу бар жерлердин баарын эмнеге өзбек тарапка өткөрүп берди. Эл башы болгончо суу башы бол дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: