super.kg logo

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

 

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

* мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

* жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

* менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;

* юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: