super.kg logo

Өлкөнүн 2 шаарында жана 3 районунда мамлекеттик нотариустар алты күндүк иштөө режимине ѳттү

 

Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳн райондорунун нотариустары алты күндүк иштөө режимине ѳттү. Маалымат Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Жарандарга жана юридикалык жактар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги чоң кезек күтүүдѳгү көйгөйлөрдү чечүү максатында Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳн райондорундагы мамлекеттик нотариустар 6 күндүк иштөө режимине өттү.

Эми жарандар ишемби күнү да саат 15:00гө чейин нотариалдык кызматтарды алуу үчүн жогоруда белгиленген нотариалдык кеңселерге кайрыла алышат.

Ошол эле учурда жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, нотариалдык кеңселердин жумушун жеңилдетүү максатында Юстиция министрлигинин сунушу боюнча айрым жеке нотариустар макул болуп, насыя бүтүмдѳрүн каттоодо нотариалдык иш-аракеттер үчүн акыны төмөндөтүштү. Мисалы буга чейин насыя алууда жеке нотариустар күрѳѳ келишимин 3000 ден 4000 сомго чейин күбѳлѳндүрүп келишсе, азыр бүтүмдөрдүн татаалдыгына жараша, бардык кошумча бүтүмдөр менен мамлекеттик жыйымдардын наркын кошкондо 1000 ден 2000 сомго чейин баасы төмөндөдү (нотариустардын тизмеги тиркелет).

Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасын жана жеке нотариуска кайрыла турган убакытты шилтеме аркылуу текшере аласыз: http://minjust.gov.kg/ky/content/1546 .

Кѳрсѳтүлгѳн тизме жеке нотариустардын ѳз каалоосуна жараша жаңыланып турат. Банктар жана башка финансы-кредит мекемелер, жарандар чоң кезектерди күтпөстөн жеке нотариустардан тез жана ыңгайлуу кызматтарды ала алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2021. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болду. Кара-Сууда 7 де келип 20- болуп жазылчусун. 20- кезек саат 3-4 кийин тийчу.
60-70- болуп жазылышчуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: