super.kg logo

Абалың кандай Финпол? Жоюлуп кеткен мекеменин кызматкерлери азыр эмне менен алек?

 

Жоюлуп кеткен Каржы полициясында Сыймык Жапыкеевден башка бардык кызматкерлер иштеп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемедеги өздүк булактар билдиришти.

"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында жалгыз Сыймык Жапыкеевдин орду бош турат. Анын милдеттерин орун басары Жоомарт Султанов аткарууда. Учурда мекеме кызматкерлери отчёттук иштер менен алектенип жатабыз. Бул 10-майга чейин созулат. Андан кийин кызматкерлерди жумуштан бошотуу этабы башталат", - деди ал.

5-мартта өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу боюнча жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону белгилүү болгон.

11-мартта аталган мекеменин төрагасы Сыймык Жапыкеев соцалдык тармактагы баракчасына Финпол менен коштошконун жазган. 12-мартта ага генерал-майор наамы ыйгарылганы, кечээ, 30-мартта Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2021. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кеткенге жараша шыр кетсе 2 3 ай жон эле айлык ала бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: