super.kg logo

Кытай грантынын негизинде салына баштаган жолдорго 1136 объект тоскоолдук жаратып жатканы айтылды

 

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын социалдык-маданий объектилеринин курулушу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйынга Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Молдобасаров катышууда.

Жыйында Азамат Кадыров Кытай грантынын негизинде салына баштаган жолдорго 1136 объект тоскоолдук жаратып жатканын айтып өттү.

"Биздин башкармалык курулуп жаткан объектилерге тоскоолдук көргөзгөн объектилердин бузуу иштерин жүргүзүүдөбүз. Кытай грантынын негизинде салына баштаган жолдорго 1136 объект тоскоолдук көргөзүп жатат. Тактап айтканда, тротуарларга чейин өз чегинен чыгып салынып калган объекттер бар. Анда:

  • Ленин району боюнча 274 объект;
  • Биринчи Май району боюнча 217 объект;
  • Свердлов району боюнча 183 объект;
  • Октябрь району боюнча 462 объект.

Булар айтылгандай өз чегинен чыгып кеткен жеңил типтеги объектилер жана дубалдар. Жол курууга тоскоолдук кылбай бошотуп берсеңиздер деп шаар тургундарынан суранат элем. Кээ бир тургундар өз ыктыяры менен бузуу иштерин башташты", - деди Азамат Кадыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: