Кургак учук жуктурган жоокерлердин абалы туруктуу экени айтылды

Бүгүн, 31-мартта Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлеринин кургак учукка чалдыккандыгы боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков жоокерлердин азыркы абалы тууралуу айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.
“Саламаттыкты сактоо министрлигинин бейтапканаларында 26 аскер кызматкери кургак учук оорусунан дарыланып жатышат. Бул оору башталгандан баштап эле эпидемиологиялык иликтөө өткөзүлгөн. Андан кийин мунун негизинде кургак учук кайсы жактан, кимден жуккандыгы аныкталып, күнөөлүү адамдар катуу жоопкерчиликке тартылып, материалдар аскердик прокуратурага тапшырылган. Ушул күндөрү прокуратура тарабынан изилдөө иштери жүрүүдө. Жоокерлердин абалы туруктуу. Бардык медициналык жабдуулар менен камсыздалышкан”, - деди Абдулдабеков.
