super.kg logo

Ошто бассейндеги сууга ууланды делинип ооруканага түшкөн 9 адам үйүнө чыгарылды

 

Буга чейин, 27-мартта Ош шаарында жайгашкан бассейндердин биринен белгисиз затка ууланган 7 бала жана 2 киши ооруканага түшкөнү кабарланган.

Маалыматка караганда, ошол эле күнү саат 20:40 чамасында Ош облустар аралык балдар ооруканасына бассейндердин биринде белгисиз затка ууланган балдар келип түшкөн. Алардын абалы туруктуу деп бааланып, ооруканадан үйлөрүнө чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ооруканадан билдиришти.

"Биздин ооруканага келип түшкөн балдардын экөө ошол эле күнү ооруканадан чыгышкан. Ал эми калгандары болсо бир күндөн кийин үйлөрүнө чыгышты", - деп билдиришти Ош облустар аралык балдар ооруканасынан.

Белгилей кетсек, бассейндин администратору милиция кызматкерлерине сууну тазалоо үчүн хлор, химиялык зат кошуларын билдирип, балдар жутуп алып ууланып калышы мүмкүн экенин билдирген.

Далил буюм катары бассейнден суу алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Учурда анын жыйынтыгы чыга элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: