super.kg logo

"Каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт" дейт Жарандык авиация агенттигинин директору

 

Бүгүн, 31-мартта "Учууларды көбөйтүү жана авиабилеттердин баасын арзандатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө" маалымат жыйын өтүп жатат.

Жарандык авиациянын директору Бакыт Жунушалиев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Азыркы учурда Түркия, Араб Эмираттары, Казакстанга каттамдар чектелген жок. Бир эле Орусияга чектелүү болуп жатат. Эмнеге дегенде Орусияда ушул маселени чече ала турган Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) деген бир эле мамлекеттик орган бар экен. Биз Орусия авиациясы менен иштеп жатабыз. Ал эми биздин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Орусиянын Транспорт министрлиги менен иштеп жатат. Биз тараптан Орусия тарапка каттамдардын санын көбөйтүү сунушу менен каттарды жиберип жатабыз. Каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт", - деди Бакыт Жунушалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: