super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Катуу ооруп келген бейтаптарды жандандыруу бөлүмүндө карап же башка ооруканаларга жиберип жатабыз" дешти тийиштүү мекемеден

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө ооруп жаткан карындашын эч бир оорукана кабыл албай жаткандыгын айтып окурман кайрылган.

Бул боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Канатбек Ашировго байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бизде боор ооруларын карай турган гепатология бөлүмү жана жугуштуу оорулар корпусу бар. Ошол эки корпус тең эл аралык грант менен каржыланып, февраль айынан баштап оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Азыр ал жерде бейтаптарды кабыл албай жатабыз.

Эгерде боору ооругандар келсе, биздин адистер көрүп, дайындоо кылат. Дарыларын ал өзү жашаган жеринде алып турат. Оңдоп-түзөө иштери апрель айынын аягы май айынын башында бүтүрүү пландаштырылган. Азыр терезелери алмашылып, канализация, эшиктери каралып, баштан-аяк капиталдык оңдоп-түзөө жүрүп жатат. Катуу ооруп келген бейтаптарды жандандыруу бөлүмүндө карап же башка ооруканаларга жиберип жатабыз", - деди Канатбек Аширов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
31.03.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эл көзү чачырап турат! Эмне болсо да бир этажын ремонт кылып бир этажын иштетиш керек!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: