super.kg logo

УКМК: "Баткенде контрабандалык жүк алынды" (сүрөт)

 

УКМК бүгүн, 31-мартта Баткен облусунда контрабандалык жүк колго түшүрүлгөнүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, Баткен бажысынын жардамы менен аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

"2021-жылдын 30-мартында Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.
Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерсиз алып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54 миң даана тооктун жумурткалары алынды. Алынган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 миң сомго бааланууда.


Учурда Баткен бажы органдары тарабынан алынган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: