super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Беловодский айылында базардын жанындагы темир кудукту оңдоого азырынча мүмкүнчүлүк жок" дешти тиешелүү мекемеден

 

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Чүй облусунун Москва районунун тургуну кайрылып, "Беловодский айылындагы базардын жанындагы адамдар өтчү тротуарда темир кудук бир жылдан бери ачык турат. Бул адамдар үчүн коркунучтуу да. Жергиликтүү бийлик укпай койду", - деген.

Бул маселе тууралуу Москва райондук мамлекеттик администрациясына кайрылганыбызда темир кудукту убактылуу бетон менен жаап турушканын айтты.

"Сүрөттө көрсөтүлгөн тротуардагы кудукту Бишкек-Кара-Балта жолу курулуп жатканына байланыштуу оңдоого мүмкүнчүлүк жок болууда. Анткени жолду реабилитация кылып жаткан кытайлык компания азырынча оңдобой туруубузду суранды. Жол курулуп бүткөндөн кийин кудук бийигирээк көтөрүлүшү мүмкүн. Убактылуу бетон менен жаап турдук", - дешти тиешелүү мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.03.2021. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзү ушинтип эле бетондон жабыш керек кудуктарды темирден жапса биздикилер сатып жиберет
31.03.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Темир кудукту оңдоого азырынча мүмкүнчүлүк жок" деген администрацияга ыйлагын келет го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: