Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси облустагы ардагерлер менен жолугушту



Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Ашим Тагаев облустагы ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагалары жана ардагерлери менен жолугушту.
Жолугушууда алгач өзүнүн өмүр баяны жана басып өткөн жумуш таржымалы менен тааныштырып, алдыда аткара турган максаттары менен ой бөлүшкөн. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сиздердин жардамыңыздар жана колдооңуздар менен жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, ыймандуулукка чакырууда, кылмыштуулуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууда биргеликте иш алып барабыз. Облустагы болуп жаткан, айрыкча кызматкерлер арасындагы мыйзам бузуучулук, пара талап кылуу сыяктуу туура эмес аракеттер, милициянын беделин түшүрүп жаткандыгы мени өкүндүрүп жатат. Учурда биз сиздердин жаштар үчүн тарбиялык маанидеги түшүндүрүү иштерине жана акыл-насаатыңыздарга муктажбыз", - деген Ашим Тагаев.
Жыйындын жүрүшүндө ардагерлер коомдогу милициянын ролу, азыркы мезгилдеги көйгөйлөрү жана жаштардын улууларга болгон урмат-сыйы жөнүндө маселелерди талкууга алышып, аларды чечүү жолунда ОИИБдин жетекчилигинин орду чоң экендигин баса белгилешкен. Андан сырткары өздүк курамды тарбиялоодогу жана нормативдик актылардын колдонулушу, күжүрмөн даярдыгын бекемдөөдө өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарлардын керектигин, кадр маселелерин туура тандоо жана Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүн кайра ачуу зарылдыгы туурасында бир катар сунуштар айтылган.
