10 күндөн ашты. Бишкектин көчөлөрүнүн бирине ымыркайын таштап кеткен келин табыла элек
19-мартта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, апасы изделип жатканы кабарланган. Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, наристенин апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда.
Белгилей кетсек, ымыркай 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон абалда табылып, балдар үйүнө жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене ("коркунучта калтыруу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.