super.kg logo

Өлкөдө мамлекеттик билим берүү стандартын жаңылоо пландалууда

 

Билим берүү жана илим министрлиги Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын (мындан ары - МБС) кайра карап чыгуу боюнча ишти улантууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, жумушчу топтун курамына кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, директорлордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басарлары, предметтик мугалимдер кирген кеңейтилген жумушчу топ түзүлдү.

МБСны кайра карап чыгуу үчүн төмөнкү факторлор негиз болду:

  • билим берүү системине карата заманбап талаптар;
  • билим берүү системине өнүктүрүү программасында көрсөтүлгөн мамлекеттик жана социалдык буйрутма;
  • эмгек рыногунун талаптары;
  • өлкө аймагында ратификацияланган эл аралык документтерге дал келүү.

МСБ төмөнкүлөрдү:

  • мектептик билим берүүнүн приоритеттүү багыттарын;
  • мектептик билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин;
  • негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн тизмегин жана алардын жетишкендиктеринин деңгээлин;
  • билим берүүнүн жыйынтыктарын баалоонун негизги принциптерин (билим берүү системи, мектеп, класс жана окуучу) аныктайт.

МБСны кайра карап чыгууда төмөнкүлөр эске алынат:

  • жалпы теориялык көрсөтүүнүн деңгээли;
  • окуу предметинин деңгээли;
  • окуу материалынын деңгээли.

МБСнын алкагында предметтик стандарттар, тиешелүүлүгүнө жараша базистик окуу планы жана окуу программалары кайра каралып, жаңыланат.

МБСны кайра карап чыгуу билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, атап айтканда:

  • инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүүгө;
  • дене бой жактан тарбиялоого;
  • кесиптик жөндөмдөргө жана ийкемдүү көндүмдөргө;
  • STEAM багыттарын: табигый илимдер, технология, инженердик искусство, чыгармачылык, математиканы тереңдетип окутууга;
  • көп тилдүү билим берүүгө;
  • инклюзивдик билим берүүгө багытталат.

Даяр материалдар мугалимдик коомчулуктун кеңири талкуусуна чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: