super.kg logo

Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү лабораториялардын иши менен таанышты

 

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров баштаган эл депутаттары адегенде "Кыргызалтындын" алдындагы борбордук лабораториянын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган лаборатория 1940-жылдары түзүлүп, ошондон бери иштеп келе жаткан. "Бир кезде күнү-түнү тыным албай эмгек кайнап турган лабораториянын азыркы абалы купулга толорлук эмес. Болгону 36 киши иштейт. Эскилиги жеткен лабораториянын рынок шартындагы атаандаштыкка туруштук бериши кыйын. Бул лаборатория деле жеке лабораториялар чыгара турган анализдерди чыгара алат. Бирок аталган лабораториянын азыркы абалы менен аккредитациядан өтүшү кыйын. Мурдагыдай геологиялык чалгындоо иштери кескин кыскарып кеткен. Ошого байланыштуу да лабораториянын иши солгун.

Бирин-экин жаңы жабдуулар алынганы менен толук заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Иштегендердин айлык акылары төмөн. Имарат капиталдык ремонтко муктаж", - деп жазылат маалыматта.

Лабораториянын иши менен таанышуу учурунда жеке тараптар менчик лабораториялар менен келишип алып, мамлекеттин эмес, жеке тараптын кызыкчылыгына ылайык жыйынтыктарды берип коюшу да ыктымал деген пикирлер да айтылды.

Депутаттардын пикиринде мамлекеттик лабораторияны толук кандуу ишке киргизүүгө мамлекет кызыкдар болууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: