"Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи электр жарыгысыз калабы?" деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу

"Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи убада кылынган капиталдык ремонт кылынбаганына карабастан, мезгил-мезгили менен жамгырдын астында калганы аз келгенсип, азыр 103 миң карыздын төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы электр жарыгын өчүрүү коркунучун жаратууда. Бул видеобайкоо камераларынын иши, жүздөгөн баалуу сүрөттөрдү жана экспонаттарды камтыган маданий мурастарды сактоонун коопсуздугу жана температуранын, нымдуулуктун өзгөчө режиминин сакталышы, дегеле музей жылуулуксуз, электр жарыгысыз кантип иштейт?! Музейдин администрациясынан ага карата чукул чаралар көрүлүп, кечээ 30 миң сом өлчөмүндө карыз аванс катары төлөнгөнүн айтышты.
Ошондой эле "Түндүк электр" ишканасына карызды төлөөнү 15-апрелге чейин калтыруу өтүнүчү менен кепилдик кат берилген. Бирок бул жоопсуз бойдон калууда. Бирок бардык маселе Финансы министрлигинин өзү бюджеттин корголгон статьясы боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгында жана коммуналдык кызматтарды жабуу үчүн керектүү каражаттарды өз убагында бөлбөгөндүгүндө", - деп жазылат билдирүүдө.
SUPER.KG порталы бул маселе боюнча "Түндүк электр" ишканасына байланышканда, аталган музей "Батыш электр" ишканасына карай турганын билдиришти. "Батыш электр" ишканасы бул боюнча маалымат беришкен жок. Ошондой эле Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине да байланышып жооп ала алган жокпуз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.