super.kg logo

Садыр Жапаров түрк интеграциялык процессин чыңдоонун айрым жагдайларын атады

 

"Кыргыз мамлекети Түрк кеӊешинин аталышынын Түрк мамлекеттеринин уюмуна өзгөртүлүшүн толук колдойт", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта кеңештин лидерлеринин видео-конференция форматында өткөн бейформал жолугушуусунда билдирди. Бул президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.

Мамлекет башчы Түрк интеграциялык процессин чыңдоочу жана ага жаңы дем берчү айрым бир жагдайларга токтолду.

Садыр Жапаров белгилегендей, биринчиден, Түрк кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгү, эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы кеӊештин расмий түрдө Уюмга трансформацияланышын талап кылууда. Ошондуктан кыргыз тарап Түрк кеӊешинин аталышынын Түрк мамлекеттеринин уюмуна өзгөртүлүшүн толук колдойт. Уюмдун аталышынын өзгөрүшү анын андан-аркы өнүгүүсүнө, эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизет, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет деп эсептейт.

Экинчиден, кеңештин түрк мамлекеттеринин уюмуна трансформациясы аяктаган соӊ башка мамлекеттердин кызыкчылыгы артып, Уюмга мүчөлүккө өтүүнү же байкоочулук макамын алууну каалагандардын саны арбын болот.

Ошону менен бирге президент уюмга чоӊ салымын кошуп келе жаткан Венгриянын ролун бекитип же аныктап алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров мурда да белгилегендей, Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү идеясын колдойт жана кызматташуунун негизги багыттарынын бири транспорт тармагы деп эсептейт.

"Түрк мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана коммуникациялык кызматташтыкты күчөтүү менен бирге соода жүргүзүү процессин активдештирүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуубуз абзел", - деди мамлекет башчы.

Президент Европа менен Азиянын ортосундагы эӊ коопсуз жана кыска соода жолу макамына ээ болгон, "Ортолук коридор" деп аталган Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын потенциалын толук пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.

"Түрк кеӊешинин аймагында жаӊы темир жол линияларын куруу долбоорун, анын ичинде Кыргыз мамлекетин бир тарабы Өзбекстан, экинчи тарабы Кытай менен байланыштырган жаӊы темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн чоӊ мааниге ээ", - деди ал.

Садыр Жапаров түрк дүйнөсүндө колдоого алынчу негизги тармактардын бири туризм экенине токтолду. Президенттин айтымында, туризм чөйрөсүн модернизациялоо, түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү, аны жайылтуу ТМККнын мүчө-мамлекеттерине пайдалуу натыйжаны алып келет.

"Түрк дүйнөсү - бул эң оболу түрк цивилизациясы, андыктан биз дүйнөлүк тарыхта өзгөчө ролду ойногон түрк цивилизациясынын очогун, тарыхый-архитектуралык эстеликтерин, жаратылышын, салт-санаасын, маданиятын көрсөтүүнүн жана аны жайылтуунун бирден-бир жолун туризмден көрөбүз", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы түрк дүйнөсүнүн маданий-гуманитардык байланышын чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасынын фонду, Түрк академиясы түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясын жандандырууда, жалпы түрк дөөлөттөрүн, баалуулуктарын жайылтууда бараандуу милдетти аткарып келе жатканын кошумчалады.

"Биздин күчүбүз - рухубузда, бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси жана оюндардын 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргыз мамлекетинде ийгиликтүү өтүшү дүйнөлүк коомчулук тарабынан чоӊ кызыгуу менен кабыл алынганын кошумчалады.

Президент жакынкы келечекте Түркия Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү пландаштырып жатканын эске салды. Түрк дүйнөсүнүн гана эмес, дүйнөлүк брендге айланган Көчмөндөр оюндарын Түркияда эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө кырдаал мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: