Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын көчмө жыйыны болуп өттү




Ош шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөн жыйынга Алмазбек Бейшеналиев баш болгон министрликтин жетекчилиги, ошондой эле аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү уюмдардын, кесиптик окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.
Көчмө жыйында Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды оптимизациялоо, коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча баяндамалар жасалды.
Жыйындын күн тартибине ылайык билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоонун жыйынтыктары каралып, Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдери жана окуучулары үчүн "Мектеп – биздин жашыл үйүбүз" аттуу экологиялык сынакты уюштуруу маселелери талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.