super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

 

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жолугушууга БУУ системинин Кыргыз мамлекетиндеги туруктуу координатору Ожиело Озонния, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков менен парламенттеги айым депутаттарынын форумунун төрайымы, депутат Гүлшат Асылбаева катышты.

Тараптар Кыргыз мамлекети менен Бириккен улуттар уюмунун кызматташтыгын кеңири талкуулап, 2021-жылдагы шайлоолорго жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашты.

Төрага Талант Мамытов жакында өтүүчү ири саясий окуялар тууралуу маалымат берип, айрыкча 11-апрелде боло турган референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан даярдыкка токтолду. Буга байланыштуу төрага добуш берүү жараяндарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо багытында улуттук жана эл аралык уюмдардын, анын ичинен БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасы демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы иштерин уланта берерин белгилеп, андан тышкары бардык эл аралык милдеттемелерин аткарарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: