super.kg logo

Депутат Рыспаев эмгекчилердин укугун коргой турган кесиптик бирликте ички жаңжал курчуп кеткенин айтты

 

Депутат Кожобек Рыспаев эмгекчилердин укугун коргой турган кесиптик бирликте ички жаңжал курчуп кеткенин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өздөрүнө тиешелүү ири мекемелерди сатып жиберишкен. Көпчүлүгүн мыйзамсыз менчиктештиришкен. Ал тургай бирликтин жетекчилери өздөрүнө ири көлөмдөгү айлык акы коюп алышкан. Элден чогулган акчанын отчётун беришпейт. Андыктан аларды өз багытында, мыйзам чегинде, ачык айкын иштөөсүн камсыздашыбыз керек", - деди ал.

Ал эми депутат Дастан Бекешев мамлекет тарабынан эмгекчилерди дарылоо үчүн атайын фонддун берилишине каршы экенин белгиледи. "Бирлик ансыз да элдин акчасын алат. Андан көрө мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга каражат бөлсүн", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: