super.kg logo

Нарын шаарында бардык бала бакчалар ишке кирди

 
Нарын шаарындагы бала бакчалар бүгүн, 1-апрелден тарта толук кандуу ачылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин бала бакчаларда азык-түлүк алуу, жылуулугун текшерүү жана жуучу, жугушсуздандыруучу, коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн.
"Бүгүн атайын комиссия шаарыбыздагы бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгын текшерди. Бала бакчаларда санитардык нормаларды аткаруу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетовго жана бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилди.
Ошол эле учурда ата-энелер балдардын бакчага өз каалоосу менен гана жиберип, атайын талаптарды аткарышы керек. Талаптар балдарды коргонуу каражаттары менен камсыздоо", - дешти мекемеден.
Бала бакчалар бир жыл мурда COVID-19 жугуштуу илдетинен улам карантинге жабылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: