super.kg logo

Нооруз майрамында үйүнөн чыгып кеткен. Жалал-Абадда 31 жаштагы тургун изделүүдө

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1990-жылы туулган тургун 21-марттан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Барнохан Махмутжан кызы өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, кара тору, кашы, көзү, чачы кара, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү узун халат, кара шым, бутунда көлөч болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат.

Байланыш телефону: 102, 03748 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: