super.kg logo

Фергана облусунун акими: "Сох-Риштан жолу 1-апрелде ачылат"

 

Өзбекстандын Kun.uz агенттиги Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Сох-Риштан жолу бүгүн, 1-апрелде ачылганын жазды.

Акимдин маалыматына ылайык, 24-26-март күндөрү Ташкентте Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынган.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган эки чек ара өткөрмө бекеттери ачылганын билдирген. Алар Өтүкчү жана Кайтпас чек ара бекеттери.

Сох-Риштан жолу 2013-жылы Сох анклавына жакын Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесинде болгону 2 күнгө гана ачылып, кайрадан жабылган. Анын натыйжасында, Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып Кыргыз өлкөсүнүн Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан чек ара өткөрмө бекети аркылуу бир топ жерди айланып өтүшчү.

УКМКнын төрагасы, чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев бул жолдогу көпүрөдөн өтүүгө 20 жүргүнчүдөн ашпаган чакан автобустарга гана уруксат берилип, чоң жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: