Республиканын аймагында бир күндө үч ирет жер титирөө катталды
Республиканын Ош, Талас жана Баткен облустарында жер титирөө катталды.
ӨКМнын маалыматына ылайык, 31-март күнү саат 07:43тө Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ош облусунун аймагында 31-март күнү саат 12:11де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
31-март күнү саат 22:25те Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.


1 |