super.kg logo

41 адам тебеленип каза болду. Коронавирустун күчөп жатканына карабастан, индиялыктар жаздын келишин кызуу белгилешти (сүрөт)

 

Индияда Холи фестивалы 28-мартта башталган. Коомдук жайларда топ-тобу менен жүрүүгө тыюу салынганына карабастан, өлкөнүн тургундары көчөлөргө агылып чыгышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттарында жазылууда.

Алар бири-бирине түстүү боёкторду чачып, сууларды куюп майрамды белгилешти. Тургундардын массалык түрдө көчөгө чыгуусунан тыгын жаралып, жыйынтыгында 41 адам каза болуп, 38 адам жаракат алышты.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 5 айдан бери вирус жугузгандардын саны кескин түрдө көбөйгөнүн маалымдады. Дүйнөлүк статистикага ылайык, Индия дүйнө жүзү боюнча эң көп ооруга чалдыккан үчүнчү өлкө жана вирустун айынан өлүмгө учурагандардын саны боюнча төртүнчү орунда турат.

Индиялыктар Холи фестивалында кышты узатып, жазды тосуп алышат. Майрамга карата алар ар кандай диний ырым-жырымдарды жасашат. Бул күндөрү адамдар бири-бирине түстүү боёкторду чачышып, көңүл ачышат. Холи майрамын белгилөө негизинен Индияда, Непалда жана Шри-Ланкада өтсө дагы, бүгүнкү күндө индиялыктар аркылуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.04.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бардык өлгөн муундардын каада-салты тирүүлөрдүн аң-сезимине кирген түш сыяктуу.
01.04.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
zhazgul98,кайталап койчу,жалпак тил мн
01.04.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sultan89,ой не могуууу)))олтурдун го чын мен да тушунгон жокмун
01.04.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согушту элестетет го.
01.04.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Че за жапай салт???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: