super.kg logo
  Саясат  

Кылмыш иши козголгон депутат Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат

 

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат. Маалыматты SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Аманкулов өз эрки менен мандатын тапшыруу ниетин билдирип, арыз жазды. Буга байланыштуу бүгүн, 1-апрелдеги жыйында анын мандаты алынат", - деди БШКнын басма сөз кызматкери.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда аталган депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.

Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун УКМК кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: