"Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин". Бүгүн акын Жолон Мамытовдун туулган күнү
Токтогул атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-апрелде 80 жашка толмок. Ал 1940-жылы ушул күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-1962-жылдары Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө окуган.
1969-1971-жылдары Москвадагы Максим Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курстан билим алган.
Жолон Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы облустук "Ленин жолу" газетасына жарыяланган. Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында турат.
Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Үй-бүлөсү:
- Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер, уз, кошокчу жана ашкан сулуу аял болгон экен.
- Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына да ушул адам себепкер.
"Издейм сени" ыры
Сөзү Жолон Мамтовго, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык.
(Бул ырды жаш акын Жолон сүйгөнү Меңди Мамазаировага арнаган).
Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.
Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.
Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.
- 48 жашында Жолон Мамытов лейкоз (ак кан) илдетине кабылып, дарт менен жарым жылдай алышып, Москвага дарыланууга барып ошол жактан каза болгон.
1-апрелге карата жылнаама.

Айлансын ар бир уулун чагылганга.
Теманы ушинтип коюш керек эле.
Патриот болуш керек ммк
01.04.1900