super.kg logo

Улукбек Омокеев Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды

 

Бүгүн, 1-апрелде Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушуу өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда ал жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берген. Анда көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылган.

"Ош облустук бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Нурлан Калыбековдун буйругу менен Алыкул Осмонов, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Зор ишеним менен жооптуу ишти колго алган Омокеев улууларга ыраазычылыгын билдирип жатып: “Устаттарыбыз колдоо көрсөтүп, кеңештерин аябай берип турса, шилтеген камчыңыздар катары иштеп берүүгө даярмын” деди", - деп жазылат маалыматта.

Улукбек Омокеев 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында төрөлгөн. Ошол эле айылда Беделбай Исаев атындагы орто мектебин 2006-жылы аяктап, 2011-жылы ОшМУнун кыргыз филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 2011-жылдын сентябрынан тартып “Нур” гезитинде редактор болуу менен баштап, 2013-жылдын сентябрында “Билим лицейинде, 2014-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун журналистика кафедрасында окутуучу жана 2017-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун Киноакадемия факультетинин директору болуп эмгектенген.

“Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” “Ата-сүйүү” ыр жыйнактарынын автору. Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын, Эгемберди Эрматов атындагы адабий фестивалдын лауреаты жана башка сыйлыктардын ээси, ошондой эле “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун негиздөөчүсү. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Акындын SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасына чыккан ырлары бул шилтемеде.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: