Көз жарган 7-класстын окуучусу. "Ата-энеси сокур ичеги деп ооруканага алып барган"
Буга чейин Аксыда 7-класстын окуучусу көз жаргандыгы тууралуу жазганбыз. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катчысы Самара Азимбаева окуучу кызды ата-энеси ооруканага сокур ичеги деп алып баргандыгын билдирди.
"Кыз мектептин алдыңкы окуучусу, классында класском болгон. Мугалимдери таң калып жатат. Себеби ичи такыр билинген эмес экен. Ар кандай маданий иш-чараларга катышып, ырдап, бийлеп эле жүрүптүр. Кечээ ичи ооруганынан ата-энеси сокур ичеги болуп калган окшойт деп ооруканага алып барышса, дарыгерлер кош бойлуу деп чыгарып, ичи толготуп жаткандан улам ооруп жаткандыгын айтышкан. Кыз 2007-жылы төрөлгөн. Жети бир туугандын экинчиси. Айылдагы үлгүлүү эле үй-бүлөлөрдөн болчу. Апасы жакында эле көз жарган", - дейт Азимбаева.
Ырчы Марс сүйүктүүсүнүн колун сурады
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Кудайым сактасын ээ жаштар каякка баратат