super.kg logo

Казакстандын бир облусу толугу менен карантинге алынды

 

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Казакстандын Чыгыш Казакстан облусу толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, карантин 15-апрелге чейин киргизилген. Аймакка кирип-чыккандарды көзөмөлдөө үчүн 10 санитардык пост орнотулат. Буйрукту Чыгыш Казакстан облусунун санитардык дарыгери Канат Турдиев кабыл алганы айтылды.

Өзгөчө кырдаал айрым категориядагы адамдардан сырткары (туруктуу жашаган жерине кайтып келген жарандар, медициналык багыттамасы барлар, дарыгерлер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башкалар) бардык жарандарга тиешелүү. Ушул категорияларды кошпогондо жарандар санитардык посттордон чыгуу жана кирүү үчүн шаардын, райондун жергиликтүү аткаруу органдарынан уруксат алышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: