super.kg logo

"Суу кайда кетип жатканын деле билбейм". Токтогул суу сактагычында суу азайгандыктан жээгинде адамдардын сөөктөрү чыкты

 

Буга чейин социалдык тармактарда Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги суунун көлөмү азайып кеткендиктен, ал жерде адамдардын сөөктөрү чыгып жатканы тартылган видеолор тараган. Бул боюнча Токтогул районуна караштуу Көтөрмө айылынын тургуну Сүйүнтбек Чотуров төмөнкүлөрдү билдирди.

"Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайгандыктан жээктен адамдардын сөөктөрү чыгып баштады. Бул жерде мурун айыл болгон. Ошондо мүрзөлөр калган да. Бул сөөктөр үч муун мурунку адамдарга таандык. Февраль айынын аягында суу азайган сайын мүрзөлөр ачылып, жээкке адамдын сөөктөрү чыга баштады.

Эки баламды ээрчитип алып, чыгып калган сөөктөрдү көмүп жатканбыз. Бирок акыркы учурда сөөктөр массалык түрдө чыгып кетти. Ошондуктан элден жардам сурадым. Кечээ район боюнча эл, шаар мэри, акимдин катышуусунда сөөктөрдү терип, атайын жай казып көмүп, куран окуттук. 15 мүшөктөй сөөк чогулттук. Сөөктөрдүн баарын тизе алган жокпуз. Бирок аларды бөлүштүрүп көмдүк. Суу сактагычтын жээгин адамдын сөөктөрүнөн тазаладык.

Буга чейин аталган суу сактагычтын алдында айыл болуп, ал Токтогул ГЭСи курулган учурда айыл эли башка аймактарга көчүрүлгөн. Менин аталарым, чоң аталарым бардыгы ошол жерде жашаган. 1967-1968-жылдары айылды көчүрүү иштери башталган. Ошондо 1970-жылы аталган аймактан көчүп чыгып кетишкенин аталарыбыз айтып калышчу. Мен кантип ата-бабаларымдын сөөгүн таштап коёюн.

Суу сактагычтагы суунун көлөмү бала кезимден бери мынчалык деңгээлде азайган эмес. Быйыл суу өзгөчө азайды. Суу кайда кетип жатканын деле билбейм", - деди Сүйүнтбек Чотуров.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 1-апрелге карата 8 миллиард 716 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 174 метр куб, агып чыгышы 313 метр кубду түзүүдө.






"Суу кайда кетип жатканын деле билбейм". Токтогул суу сактагычында адамдардын сөөктөрү чыкты

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.04.2021. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элди көчүргөндө эмне үчүн көрүстөндү да көчүрүшкөн эмес.
01.04.2021. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazira...,горлорду казып дейсинби. Сындатып эле койсо болду
02.04.2021. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekalife,мусулмансынбы, такыбалардан сурап ал көрүстөндү көчүрөбү, же көчүрбөйбү.
01.04.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сооп иш кылып жатыпсынар.
01.04.2021. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Bond02 биринчи жолу сенден жакшы комментарий окуп жатам, молодец Ден соолук жакшы, омурун узун болсун!
01.04.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Elaman0693,ичип ийе турган каалоо тилек айттын го.
03.04.2021. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elaman0693,))
02.04.2021. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер планетасы жыл сайын ысып жатат глобалдуу түрдө! Ошон үчүн мөңгүлөр дагы азайып баратат. Кыргызстандын сууларынын запастары мөңгүлөр! Өзбекстан менен ГЕСтин курбай канча миллиондогон долларларды коротуп андан көрө күн менен, шамал менен иштелип чыккан электр энергиясы боюнча ойлонушубуз керек болчу! Ар кайсыл тоолорубуздан алтын иштетип, мөңгүлөрдүн өтө тез ээришине жол ачып берип койдук башкасы аз келгенсип! Орто Азиянын суусуз калышы абдан жакындап келе жатат! Ойлонгон киши жок!
02.04.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,сенда ойлонуп кордунбу анан, оозуна келгенин оттоп жатасынго. Миллиондогон акчаны каяктан алат??? Башыны иштетчи айланайын!! Карыз, бюджет тартыш, канча нерселер эскирип жатат, гэстер жетишпей жатат энергияга талап оскондуктон!! Сен каяктагыны суйлойсунго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: