Бишкектеги "Адинай" сейил багында көңүл ачуучу жана спорттук оюн-зооктор өткөрүлөт
Бишкек шаарындагы "Адинай" сейил багында 3-апрель күнү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата масштабдуу оюн-зоок саамалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында саамалыктын коноктору ВИЧ/СПИДге карата экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын деңгээлин, кан басымын акысыз текшерте алышат. Ошондой эле чылым тартуудан баш тартуу, туура тамактануу, акыл-эс саламаттыгы, ыкчам медициналык жардам жана башка суроолор боюнча кеңештерди ала алышат.
Катышуучулар үчүн ар түрдүү көңүл ачуучу жана спорттук оюн-зооктор өткөрүлүп, аягында велопарад уюштурулмакчы.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катышуучулар бет кап кийип, бир метр аралыкты сактап, антисептик колдонушу керек.


1 |