super.kg logo

Бишкек шаарында санитардык көзөмөл күчөтүлдү

 

Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлгө алынып, борбордун бардык аймагында санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, акимчиликтердин мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте базарлардагы, соода борборлорундагы, супер маркеттердеги, кафелердеги жана башка ишкердик субъекттериндеги соода түйүндөрүн кыдырып, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспорттун салондорун текшерүүдө.

"Райондун мобилдик тобу тарабынан 30га жакын ишкердик субъекттери текшерилип, бир санитардык буйрук чыгарылды. Ошондой эле "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренеси боюнча жалпы 37 миң сомго тогуз административдик протокол түзүлдү.

* Тилекке каршы, Свердлов районунун аймагында ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык эрежелерди сактабаган көптөгөн фактылар аныкталды. Атап айтканда, бет кап режими дээрлик сакталбайт, тазалоочу каражаттар жок же антисептикалык каражаттар толукталбайт.

* Октябрь районунда 78 чарба субъектиси текшерилип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 293-берене боюнча 13 протокол түзүлүп, 26 эскертүү берилген.

* Ленин районунда биз 86 ишкердик субъектилерин кыдырдык: кафелер, сулуулук салондору, базарлар, дүкөндөр, интернет клубдар жана соода борборлору. Бир кафеге карата үч миң сомдук протокол түзүлдү.

* Биринчи Май районунун жыйын залында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын күчөтүү максатында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.04.2021. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоон ресторанга Элди топтоп карантинге карабай иштеп жатты кармалса 3000сом толоп коет ушул да штрафпы ойлонгулачы эгерде ошондо серьезный спшка болсо ресторан ээси эч жооп бермек эмес мамлекет Эл зыян тартмак санэпидемстанцииларга неге Оз алдынча текшерууго уруксаат берилбейт алар баратабыз деп он Кун эрте айтып анан барышат эмгек акылары ото томон оору чыкса ошолор чуркайт эмгек акысын кобойтуп койуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: