super.kg logo

"Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

 

"Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Өткөн апта аралыгында комиссия «Кумтөр» алтын кени боюнча буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын тыянактарын иликтеп, эки тараптуу келишимдерди, алардын каржы-экономикалык оӊ жана терс жактарын, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын талдап чыккан. Тилекке каршы, "Центерра Голд" компаниясы 2014-жылдан бери отчётторун жалаӊ англис тилинде берип келаткандыктан текшерүү учурунда кыйла кыйынчылыктар жаралып жатканы белгилүү болду", - деп комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Комиссия башчысы Акылбек Жапаров өкмөт өкүлүнө келерки отурумда "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы тууралуу маалым кылуу тапшырмасын берди. "Каражат жумшалып кеткен дедиӊер. Эми анын кандай документтердин негизинде жумшалганын аныктап бергиле", - деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: