super.kg logo

Премьер-министр: "Мен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн реалдуу жыйынтыктарын көрбөй турам"

 

"Биздин негизги максатыбыз – бул фермерлер үчүн киреше булагын жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жолу аркылуу агроөнөр жай тармагын реалдуу өнүктүрүү. Учурда мен муну көрө алган жокмун", - деп премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн кеңешмесинде жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана аны өз мөөнөтүндө өткөрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы белгилегендей, президенттин "Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында айыл чарбасында кластердик механизмди активдүү ишке киргизүү зарыл.

Улукбек Марипов билдиргендей, айыл чарбаны колдоого алуу алкагында мамлекетик бюджеттен техниканы лизингге алуу үчүн 540,1 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган , ошондой эле "Айыл чарбасын каржылоо – 9" долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Андан соң Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун маалыматы угулду.

Ал белгилегендей, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде айдоо аянттарын жогорулатуу эсебинен пайдаланылбай жаткан жерлердин аянтын кыскартуу, кластердик башкаруу планы иштелип чыгууда.

Өз кезегинде өкмөт башчы аталган ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин билдирди.

"Карапайым адамдар өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек. Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет, биз аларды жеткиликтүү кредит, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздап, аларга реалдуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Азырынча бул иштердин реалдуу натыйжаларын көрө албай турам", - деп жыйынтыктады премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: