Премьер-министр министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин ишин баалоо үчүн KPI ишке киргизилиши керектигин айтты




Мамлекеттик башкаруу тутумуна министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин ишин баалоо, көзөмөлдөө жана мониторингдөө үчүн KPI механизмин (Key Performance Indicator – натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрү) ишке киргизүү керек. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын кароо учурунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөт алдында 100 күндүк программаны өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу маселеси турат.
"Мамлекеттик орган жетекчилеринин күч-аракетин аталган программанын пункттарын аткарууга буруу зарыл. Мен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик орган жетекчилеринин ишин объективдүү баалоо үчүн KPI тутумун киргизүү маанилүү деп эсептейм. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселесинде тармактык органдар азык-түлүк коопсуздугун, азык-түлүк продуктуларына карата бааны кармоо жана турукташтырууну камсыздоо боюнча сапаттуу ишти жүргүзүүсү зарыл", - деди Улукбек Марипов.
Премьер-министр саламаттыкты сактоо маселесине токтолуп, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сатып алууга финансы каражаттарын издөө зарылдыгын белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын сунуштады.
Ал белгилегендей, 2020-жыл дүйнөлүк жана улуттук экономиканын өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизди.
Координацияланган акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясатты жүргүзүү натыйжасында өлкөдө инфляциянын деңгээли максаттуу көрсөткүчтүн чегинде турду, ал эми инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 106,3 пайызды түздү.
Экономиканы жеңилдетилген кредиттөөнү колдоого алуунун инструменттерин кеңири пайдалануу банк секторун стимулдаштырууга мүмкүндүк берди, натыйжада экономикага кредиттин 12,6 пайыз өсүшү камсыздалган (2020-жылдын декабрь айынын соңунда 168,9 миллиард сомду түздү).
"Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасынын катышуучулары 6 247,4 миллион сом суммасына 5 086 ипотекалык кредит алды. Анын ичинен 2020-жыл үчүн жалпы суммасы 864,5 миллион сом саналган 474 кредит берилген. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тараптан 2020-жылдын 1-декабрына карата 417 миллион доллар суммасындагы 2814 долбоор жактырылган.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине өкмөттүн 2021-жылга иш-чаралар планынын аткарылышын, ошондой эле президенттин жарлыктарынын ишке ашырылышын өзгөчө көзөмөлгө алуусу тапшырылды.
