super.kg logo

Садыр Жапаров Юнесконун башкы директору Одрэ Азуле менен сүйлөштү

 

Бүгүн, 1-апрелде президент Садыр Жапаров Юнесконун башкы директору Одрэ Азуле менен видео конференция форматында сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү, маданият жана илим жаатындагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо чаралары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекети Юнеско менен кызматташууга терең маани берерин белгилеп, Юнеского коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине аралыктан окутууга өтүүдө техникалык жана консультациялык жактан көмөк көрсөтүп, мектеп окуучуларынын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпоого өбөлгө түзгөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент билим берүү системин санариптештирүүдө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууда Юнеско менен мындан аркы кызматташтык өркүндөй берет деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы БУУ тарабынан 2021-жыл Туруктуу өнүгүүнү көздөгөн креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланганын эске салып, акыркы жылдары өлкөдө креативдүү өндүрүш жигердүү өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи. Ал бул процесстин маанилүүлүгүн эске алуу менен Юнескону ушул жааттагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана биологиялык көп түрдүүлүктү коргоо боюнча Кыргыз мамлекетинин эл аралык демилгелерине токтолуп, өлкөнүн ак илбирсти сактап калуу боюнча аракеттерин, ошондой эле Юнеского Ысык-Көлдүн тескейин геопарктардын дүйнөлүк тармагына киргизүү тууралуу сунуштама даярдалып жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети Юнесконун аткаруу кеңешинин мүчөсү катары уюмдун ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин тастыктап, алдыдагы Юнесконун башкы директорун шайлоодо Одрэ Азулеге ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: