super.kg logo

Өкмөт башчы: "Санариптештирүү багытындагы иштер популисттик сөздөргө айланып отурат"

 

Өкмөттүн видеоконференцбайланыш форматында кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн ишиндеги маанилүү багыттардын бири санариптештирүү маселеси экенин белгиледи.

"Мен буга чейин жетекчилердин санариптештирүүгө жасаган мамилесин көрдүм. Жетекчилердин кайдыгерлик менен жасаган мамилесинин айынан санариптештирүү багытындагы иштер популисттик сөздөргө айланып отурат.

Бүгүнкү күндө 406 мамлекеттик кызматтын болгону 33ү гана толук автоматташтырылды, буга дейре анын саны 26 эле. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумун түп-тамырынан бери өзгөртүп, аны ачык-айкын кылуубуз керек. Мен кызыкдар тараптарды эң жакшы түшүнүп турам, алар мамлекет тараптан сатып алууларга көзөмөл болушун каалабайт, анткени контроль жок болсо, ар кандай “күңүрт” схемаларды жасоо оңой. Коңшу өлкөлөрдөгү мамлекеттик сатып алуулар системасы нормалдуу иштеп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп келдик", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, жарандардын жана юридикалык жактардын укугун жана кызыкчылыктарын жактоого багытталган иштер мыйзам деңгээлинде жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: