super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "ТИМдин каза болгон кызматкери атасына эмдөө алганы кеткенин айтып, бирок антибиотик алган экен"

 

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, маркум кызматкер коронавируска каршы эмдөө алган эмес. Министрдин маалыматында, маркум атасына эмдөө ала турганын айтып, бирок антибиотик алган. Азыркы тапта маркум антибиотикти эмнеге каршы алганынын себеби изилденип жатат.

"Тышкы иштер министрлигинин кызматкери эмдөө бизден алган эмес. Ал түндө атасы менен сүйлөшкөндө, эмдөө алганы кеткенин айткан. Бирок түн ичинде барып антибиотик алган экен. Маркум антибиотикти эмнеге каршы алганы боюнча бүгүн эртең менен соттук медициналык текшерүү болду. Мен азыркы тапта анын жыйынтыгын күтүп жатам.

Бул боюнча комиссия да түздүм. Алар азыркы тапта Жал кичи районундагы балдар ооруканасын текшерип жатышат. Ал жактан "чоң эле киши эмне үчүн балдар ооруканасына кайрылган, ага эмне себеп болгон?" деген суроолордун жообу изделип жатат".

Эмдөө боюнча биз сайтка беребиз. Анда ар бир бөтөлкөлөрдө номер бар. Ал жерде да комиссия иштеп жатат, соттук медициналык экспертиза да бул боюнча иш алып барууда. Мындан улам өлүмдүн так себеби изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот", - деди Бейшеналиев.

Бүгүн, 2-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун жазып чыккан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
02.04.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актанып башташты го э, кытай согушсуз кырат.
02.04.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягында кинодогудай болот озу куноолуу болуп
02.04.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Антибиотикти эмнеге алганын ойлонуштуруп жатабыз.десенер..
02.04.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatu_8889,бир ой табалы эми деп ойлонгула.
Конечно куно кытайдын вакцинасында
02.04.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эле реакция, анан эмне олтуруп алдык деп айтмак беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: