super.kg logo

Бишкек шаарындагы мыйзамсыз объектилер бузулууда

 

Бишкек шаардык мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз объектилерди тазалоо иштерин тынымсыз улантышууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолу Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасына ылайык, Түгөлбай Ата көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында, "Көпүрөдө" пиво-барынын бир бөлүгү, "Бахчай" шашлыкканасынын жана "Центр Плова" кафесинин жайкы аймагы демонтаж кылынды.

"Ошол эле учурда Будённый көчөсүндөгү төрт чарбалык курулуштар демонтаж кылынган. 12-кичи районундагы Саякбай Каралаев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган контейнердин ээси өз ыктыяры менен бузду, буга чейин ээсине билдирүү берилген. Саякбай Каралаев көчөсүндө жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн берилген жердин ордундагы "Шашлычная" кафесинин уруксатсыз тургузулган кампасы бузулду. Лев Толстой менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде дагы жеңил салмактагы объект алынды.

Андан сырткары түшүндүрүү иштеринен кийин Дайыр Асанов атындагы сейил бакта жайгашкан азык-түлүк ташуучу унаа менен батуттун ээлери өз ыктыяры менен демонтаж кылышты.

Арча-Бешик конушунда, Садырбаев, Муромская, Щералиев көчөлөрүндө жайгашкан эч кандай уруксат кагаздары жок "Элнур - Дан" компаниясынын дүкөндөрү демонтаждалды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: