Улуттук статистика комитети: "Өлкөдө март айында кумшекердин орточо чекене баасы 4 сом 34 тыйынга өстү"
Өлкөдө март айында февраль айына салыштырмалуу кумшекердин чекене баасы 4 сом 34 тыйынга же 7,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинги жүргүзүлгөн.
"2021-жылдын мартына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 64 сом 36 тыйын түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10 сом 14 сомго же дээрлик 19 пайызга өскөнүн көрсөттү", - деп жазылат маалыматта.
Ошол эле учурда кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору;
- Исфана (килограммы үчүн 69 сом 33 тыйын);
- Жалал-Абад (килограммы үчүн 67 сом 84 тыйын);
- Ноокат (килограммы үчүн 67 сом 39 тыйын);
- Кара-Суу (килограммы үчүн 67 сом 33 тыйын);
- Баткен шаарларында (килограммы үчүн 67 сом 21 тыйын) түзүлдү.
Ал эми минималдуу баалар:
- Токмок (килограммы үчүн 60 сом 67 тыйын);
- Талас (килограммы үчүн 60 сом 89 тыйын);
- Нарын шаарларында (килограммы үчүн 61 сом 94 тыйын) катталды.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү ушул жылдын өткөн айына салыштырмалуу:
- Ноокат - 18,8 пайызга;
- Чаек айылында - 13,2 пайызга;
- Баткен жана Кара-Балта шаарларында - 9,7 пайызга өскөнү катталды.
