Өкмөт электрондук документтерди ишке киргизүүнү пландаштырууда
Өкмөт 1-майга чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган тиркемеде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу үч негизги документтин электрондук версиялары болот.
"Өз кезегинде Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) санариптик электрондук документтерди ишке киргизүү боюнча иш алып барууда жана жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландаштырылууда. Аталган тиркемеде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу үч негизги документтин электрондук версиялары болот.", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн укуктук негизди иштеп чыгуу максатында өкмөттүн "Санариптик документтердин реестри жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүктү ишке киргизүү жаатында) токтом долбоору иштелип чыккан жана макулдашууда турат.
