super.kg logo

"Апамдын көзү тирүүсүндө алсам жакшы болмок". Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды

 

Ырчы Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Сыйлык бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров тарабынан тапшырылды.

Ырчыны наамы менен куттуктап байланышканыбызда сыйлыкты апасына арнай турганын айтат.

"Бүгүн наам алып жатканыма абдан кубанып жатам. Сыйлыкты апама арнайм, азыр аны эстеп, көзүмө жаш алып турам. Анткени апам мени музыкалык мектепке алып барып, кийин балдарымды багып, керек болсо мени кошо багып жүрдү. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын апамдын көзү тирүүсүндө алсам жакшы болмок. Наам алгандан кийин жакындарым менен майлап отурабыз", - деди ал.

Буга чейин ырчынын 50 жылдык юбилей концертинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарууну пландалганын министрликтин өкүлдөрү айтышкан. Бирок концертте наам тапшырылбай, муну түзүлгөн комиссия сыйлык ала тургандардын саны көп экен деп кыскартып койгондугу менен түшүндүргөн.

Токтобүбү Черикчиева "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң", "Сүйгөн жар", "Жолугарым билгенмин" жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
02.04.2021. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тууууй бул эмне деген мамлекет болду.Токтобубу Черикчиева мен мектепке бара электе жылдызы жанып жаш карынын баары угуп суйгон теленин жузу,радионун шынгыр уну болгон.Анан менден 4 5 жаш кичине Самаш кантип кайсыл мезгилде эмгегин синире койду.Министирликтен жооп кутом Токтобубу Черикчиевадан Самара Каримованын артыкчылыктарын санап беришсин.Мени кызыктырат ушул суроо:эки ырчынын билими,аткарган ырлары,моралдык баскан турганы элге улгу болуп же таманы тешиле бир жерде узак иштегени ж.б.у.с.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: