Кыргыз-казак өкмөт башчылары инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты





Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин Казакстан Республикасына жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.
Белгилесек, жолугушуу Кордай айылында (Казакстан Республикасы) өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.