super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусуна иш сапары менен барды

 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач орун басар Кызыл-Кыя ШИИБинин өздүк курамы менен жолугуп, убактылуу кармоо изоляциясынын абалы, бүгүнкү күндөгү шарты менен таанышты. Андан соң Кадамжай РИИБинин жаңыдан курулуп, курулушу аяктап калган имараты менен таанышып, өздүк курамга алдыда келе жаткан жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, добуш сатуулардын алдын алууну, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды.

Лейлек районунун коңшулаш Тажикстан менен чектешкен аймактарга барып, өздүк курамдын кандай шартта, кандай деңгээлде иш алып барып жаткандыгын жеринде көрүп, мамлекеттин бүтүндүгү, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө, тартипти сактоо милиция кызматкерлеринин негизги милдети экендигин баса белгилеп өттү. Сүлүктү шаарына болгон иш сапарында ички иштер бөлүмүнүн өздүк курам менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Баткен ОИИБинин бөлүм башчыларына жыйын өткөрүп, ички иштер министри Улан Ниязбековдун учурдагы койгон талаптарын, тапшырмаларын жеткирип, кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу, милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүн жандантуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Октябрь Урмамбетов өздүк курам арасынан берилген суроолорго жооп берип, “Милиция кызматкерлери эл үчүн жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кызмат кылуусу керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: