super.kg logo

Биринчи Май районундагы "Тулпар" борбору Ленин районуна өткөрүлдү

 

Биринчи Май районунда, Жибек Жолу кең көчөсү 328 дарегинде "Тулпар" жеңилдетилген кызыл карталарын берүү боюнча тейлөө борбору жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тулпар" картасына байланыштуу карталарды жана кызматтарды алуу үчүн Биринчи Май районунун тургундары Чүй кең көчөсү 315 (Ленин райондук администрациясынын имараты, 1-кабат) боюнча Ленин районунун тейлөө борборуна кайрыла алышат.

"Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! "Тулпар" командасы буга чейин райондогу пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеңилдетилген карталарды берүү үчүн тейлөө жана башка жайларды бөлүп берүү өтүнүчүн жөнөткөн. Калган "Тулпар" кызыл картасын берүү пункттары кадимки режимде, дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 9дан кечки 18:00гө чейин иштейт.

Ленин жана Биринчи Май райондорунун тейлөө борборлору: Чүй кең көчөсү, 315 (Ленин райондук администрациясынын имараты) Свердлов районунун тейлөө борбору: Чүй кең көчөсү, 28 (Свердлов райондук администрациясынын имараты) Октябрь районунун тейлөө борбору Байтик баатыр көчөсү, 17 (Октябрь райондук администрациясынын имараты)", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: