Жеке көзөмөлүмө алам. Садыр Жапаров авиабилеттердин баасы боюнча билдирүү таратты
Президент Садыр Жапаров аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө аларын Телеграм каналы аркылуу билдирди.
Орусияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз.
Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Орусиядан көз каранды. Казакстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди. Эми Орусия тараптын жообун күтөбүз.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!
Тескерисинче, көптөн бери Орусия тараптан чартердик рейстерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес. Албетте, бардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.







1 |